Событие

Кычан Жакыпов атындагы сейил бакта ишембилик өттү

2020-жылдын 5-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жалпы жамааты К.Жакыпов атындагы сейил багынын айлана-чөйрөсүн тазалоо иштерин жүргүздү. Бул иш-чарага Министрликтин жетекчилиги, борбордук аппараттын, министрликке караштуу Туризм, Киноматография, Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменттеринин кызматкерлери, театр кызматкерлери ж.б. катышты. Тазалыкты сактап, жаратылышка аяр мамиле кылуу-ар бир кыргыз жаранынын милдети!

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти шаарыбыздын коомдук жайларынын тазалыгы жана анын кооздугу бизден гана көз каранды экендигин белгилеп, шаар тургундарына жана меймандарга сейил бактарга келип эс алуу учурунда алардын айлана-чөйрөсүнө, деги эле, табиятка, ар бир жаранга жана ден-соолукка аяр мамиле кылууга, тазалыкты, санитардык талаптарды дайыма сактоого үндөйт.